Быйыл Бишкекте 11- классты 6 миң 592 окуучу жана 13, миң 310 бала 9-классты аяктап жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой коронавируска байланыштуу өлкөнүн бардык мектептеринде, анын ичинде Борбор калаадагы мектептерде акыркы коңгуроо онлайн режимде болуп өттү.

«Бишкек шаарынын мэриясы бүтүрүүчүлөрдү мектепти аяктап жатышы менен куттуктайт. Баарыңарга алдыдагы сынактарда ийгилик каалайбыз. Алдыда силер багындыра турган көп бийиктиктер бар. Окугула, иштегиле, бир нерсе жараткыла, өжөрлүү болгула», — деп кайрылат мэрия мектеп бүтүрүүчүлөрүнө.

Ошону менен бирге, мэрия шаар тургундарын санитардык эрежелерди сактоого чакырат .