ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Чүй облусунун Дачное айылында жайгашкан “Максат” мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларын куттукташты.
Аталганган иш-чара, Кыпргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Адылова Нуржан, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн өздүк курамы жана социалдык мекеменин кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Бул мекемеде, турмуштун оор абалында калган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана өспүрүмдөр тарбияланат.
Адылова Нуржан, иш-чарага катышуучулардын баарын майрамдары менен куттуктап, жаш муундарды татыктуу тарбиялоого улуу муун жоопкерчиликтүү экендигин белгиледи. Ошондой эле, ал Борбордун коллективин өзүнүн милдеттерин так аткарып, тарбиялануучулардын инсан болуп калыптанышына салым кошкондуктары үчүн ыраазычылыган билдирди. Балдарга күлкү жана жакшы маанай тартулоо, чоңдор үчүн эң бактылуу сезим, аларды кичине болсо дагы бактылуу болууга салым кошконубуз бизге да чоң кубанычты алып келет –деп белгиледи.

Балдар менен мугалимдер майрамдык концерт уюштуруп, ыр ырдап, бийлеп жана жаңылмачтарды айтып өздөрүнүн таланттарын көрсөтүшүп, келген конокторго жакшы маанай тартуулашты.
Милиция кызматкерлеринин бул жолу да келиши салтка айланды, жыл сайын балдарды коргоо күнүнө карата көңүл буруп турушат.
Иш-чаранын жыйынтыгында, милиция кызматкерлери балдар көптөн күткөн белектерин, таттуу азыктарын жана азык-түлүктөрүн тапшырышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы