КЭР Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь АКШ президенти Дональд Трамптын Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму менен мамилени үзүү тууралуу чечимин «өзүмчүлдүк жана жоопкерчиликтен качуу» деп атады.

Белгилей кетсек, буга чейин Трамп «талап кылынган реформаларды өткөрүүдөн баш тартты» деген доомат менен ДССУ боюнча кызматташтык мамилени бир тараптуу токтото тургандыгын, аларга коротулуп жаткан акча каражаттарын пайдалуу иштерге жумшай тургандыгын айткан.

«Биз көптөгөн өлкөлөрдүн, анын ичинде АКШнын союздаштарынын реакциясына көңүл бөлдүк. Эл аралык коомчулук АКШ тандап алган жолду сынга алууда. Деги эле АКШ акыркы мезгилдерде бир катар эл аралык келишимдерди бузду. Ал эми алардын ДССУ менен мамилени бузуусу акылга сыйбас көрүнүш»-деп кошумчалады Чжао Лицзянь брифинде сүйлөгөн сөзүндө.