Бүгүн, 1-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева кайрымдуулук менен алектенген жеке ишкерлерге жана коомдук ишмерлерге Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык каттарын тапшырды.

Кайрымдуулук кылуу Жаратканга жаккан иш экенин эске салган Төраганын орун басары Аида Касымалиева: “Коомубузда жакшы турмушта жашагандар менен катар жардамга муктаж жарандар да арбын. Биз бири-бирибизге көмөк көрсөтүү аркылуу көптөгөн үй-бүлөлөрдүн сакталышын, балдарыбыздын жаркын келечегин жана өлкөбүздүн өнүгүшүн камсыздай алабыз. Ушул багыттан алганда бул жерде олтурган адамдар көпчүлүккө үлгүсүздөр. Сиздердин көмөгүңүздөр менен оор илдетке чалдыккан наристелерибиз айыгып, өмүрүнө өмүр кошулду. Буйруса мындан ары да жакшы иштердин башында туруп, дагы далай кайрымдуулук иштерин жасай бересиздер деген ишеничтемин”, – деди.   

Ошондой эле Борбордук Азиянын Аялдар лигасынын да ишмердүүлүгүнө токтолгон Төраганын орун басары рак менен жабыркаган 12 жаштагы Айжамалга кайрымдуу адамдардын жардамы менен көмөк көрсөтүлүп, учурда аталган кыз илдетти акырындап жеңип келе жатканын мисал кылды.

Белгилей кетсек, Айжамалга жардам берүү максатында “Өмүр үчүн күрөш!” деген ураан менен бир катар спорттук иш-чаралар уюштурулуп, кайрымдуу жарандардан акча каражаты топтолгон эле.

Мындан тышкары, бүгүнкү жолугушууда “Борбордук Азиянын Аялдар лигасы” коомдук фондунун негиздөөчүсү Асель Атабекова да сөз сүйлөп: “Биримдик менен гана бийиктиктерге жетебиз. Айрыкча, адамдар ортосундагы бири-бирине көмөк көрсөтүү өнөктүгү өнүккөндө гана өлкөбүздө жетишкендиктер арбын болот”, – деди.

Муну менен катар жолугушуунун катышуучулары да өз пикирлери менен бөлүшүп, көп адамдардан башын бириктирген кайрымдуулук акцияларынын уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришти.