АКШ президенти Дональд Трамп кара денелүү Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин өлкөдө болуп жаткан баш аламандыктарды «террор» деп атады.

«Өлкөнүн борборунда, полиция участогу басылып алынып, Линкольн мемориалы менен Экинчи дүйнөлүк согуш мемориалы вандализмге кириптер болду. Ал эми эң башкы тарыхый чиркөө өрттөнүп кетти. Калифорния офицери жана укук коргоо органдарынын афроамерикалык баатыры атып өлтүрүлдү. Бул – барып турган наадандык, күнөөсүз өмүрлөрдү алып жаткан чыныгы терроризм!», — деди Трамп Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө.

Ошондой эле, Трамп мунун аркасында Кытай жана Россия өңдүү мамлекеттердин туруусу мүмкүн деген оюн айтып, башаламандыктарды басуу үчүн болгон аракеттер жумшалып жаткандыгын кошумчалады.