Коом

АКШ Башкы прокурору Вашингтон менен Майамиге атайын күчтөрдү жөнөтүүнү буюрду

USA Today басылмасынын билдирүүсү боюнча АКШ Башкы прокурору Уильям Барр болуп жаткан баш аламандыктарды басуу үчүн Вашингтон менен Майамиге полициянын атайын бөлүмүн жөнөтүү боюнча буйрук чыгарды.

Аталган басылманын берген маалыматы боюнча АКШнын жогорку бийлик өкүлү полициянын бул адистештирилген бөлүмү Абактардын федералдык бюросуна баш ийет жана буга чейин алар барымтага алынган адамдарды куткаруу кызматын аткарып келишкен.

Белгилей кетсек, өткөн жумада полиция кызматкери тарабынан кара денелүү Жорж Флойд атуу адам өлтүрүлгөндөн кийин АКШнын борбору Вашингтон жана башка бир катар ири шаарларда нааразычылык акциялары башталып, алар талап-тоноо бүлдүрүү өңдүү баш аламандыктар менен коштолууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button