Бүгүн, 2-июнда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым аймактарында жаан жаашы мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +28…+33

Талас облусунда +27…+32

Баткен облусунда +30…+35

Ош, Жалал-Абад облустарында +30…+35

Ысык-Көл облусунда +19…+24

Нарын облусунда +19…+24

Бишкек шаарында күндүз туман каптап, жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +31…+33 градус болот.