“Мөлмөлүм” ыры менен жалпы кыргызга таанылып, мукам үнү менен элдин жүрөгүнөн орун алган таланттуу ырчы Малик Аликеев тагдырдын сыноосуна кабылып, учурда дарт менен алышып жатат.

Баса албай калгандыктан ага тез арада дарылануу зарыл.

“Көп түкүрсө көл болот” дейт, келгиле баарыбыз жардам кылалы. Элүү сом, же жүз сом – канча болсо да ниетиңиздерден чыгарган каражатыңыздар таланттуу адамды жашоого кайрып алып келээрин билиңиз. Кайдыгер болбойбу, көңүл сыртында калтырбайлы. Баарыбыз бирдей кол суналы»,-ырчынын сахналаш кесиптеши КРнын эл артисти Каныкей Эралиева.

Кечээ Аликеев «Азаттык» үналгысына берген маегинде акыркы жолу сахнага 2018-жылы чыкканын, июнь айында жамбаш сөөгүнөн операция күтүп турганын айтты.

«Сахнага мен чыгып эле жүрдүм. Акыркы жолу «Санжыра» радиосунун концертинде чыктым окшойт, 2018-жылы чыгыптырмын. Андан бери чынында эле чыга элек экенмин. Концерттерге деле эч ким чакырбай калды. Анын үстүнө быйыл өзүм отчёттук бир жеке концерт берсемби деп пландап жүргөм. Ушул бутумдун айынан азыр токтоп калды. Пландарым жакшы эле, жаңы ырларымды даярдап жаткам. Ден соолугумдун айынан азыр эми ишке ашпай турат. Айыгып алсам кайра киришем го. «Фейсбуктагы» видеонун таркап кеткенин билбепмин, бирок ошондон кийин элибиз тынбай жазып, «жардам берүүгө даярбыз» деп жатат. Кыргыз элим чынында улуу эл»,-деди Малик Аликеев.

Ал эми сахналаш кесиптештери ырчы ушул кезге чейин бир дагы мамлекеттик наам албаганын, эмгеги көз жаздымда калып жатканын байма-бай жашып калтырууда. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги болсо ырчы тууралуу үн ката элек.


0703 304747 – Элсом
Оптима картасы — 4169585344757652