Коом

Токмок шаарында үч күндүк торпок 35 миң сомго бааланууда

Чүй облусунун Токмок шаарында үч күндүк торпок 35 миң сом деп бааланууда. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазып чыкты. Мунун себебин үч жылдан бери асыл тукум уйларды багып келе жаткан торпоктун ээси Салмат Мусаев мындайча айтып берген.

«Айрым адамдар эмне үчүн мынчалык кымбат экендигин түшүнбөшү мүмкүн. Бирок бул мал багуучуларды таң калтырбайт. Бул музоо — Голштин тукуму. Бир жылдан соң ал 80-90 миң сомдун тегерегинде болот. Бул тукумдагы уйлар күнүнө 40 литрге чейин сүт берет, ал эми букалар 250-300 кг эт берет ”, — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button