Коом

Сыдыман 7 жылга камалабы? Энеси президентке кайрадан кайрылуу жолдоду

Интернетте Sydyman деген ат менен Элмирбек Сыдыманов «Инстаграм» баракчасына таанымал болуп, блогер катары белгилүү. Ал улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутту деген шек менен 19-февралда эки айга камакка алынган.  Кийин 28-февралда Бишкек шаардык соту үй камагына чыгаруу боюнча чечим чыгарган. Эми бул иш боюнча кайрадан Октябрь районунда соттук иш башталды. Бул тууралуу Сыдыман соцтармактагы баракчасына жазды.

«Мени сөккөн адамдарга сөгүү менен жооп бергендигим үчүн 7 жарым жылга эркимден ажыроо коркунучу турат. Мүмкүн сиздердин сотко келип катышууңуздар коомдун көзөмөлү менен сөз эркиндигин сактоо катары бааланып, адилеттүү чечим чыгып калат деген үмүттө кайрылып жатам. Эмоция абалында сөгүнгөндөргө сөгүү менен жооп берген сөздөрүмө 313-беренени таңуулоо өтө ашыкча деп ойлойм. Азыр социалдык тармактарда ким гана сөгүнгөн жок«,-деп соцтармак баракчасына блогер Сыдыман кайрылуу жасаган.

«Апам президент Сооронбай Жээнбековго эне катарында дагы бир ирет кайрылуу жасады. Кайрылуу каттын көчүрмөсү ушул катка тиркелди. Чындап келгенде, өткөндө апамдын кайрылуусу таасир берип, үй камагына чыгарылдым окшойт. Ага сиздердин маал-маалы менен чыгарган жаңылыктар, элдин пикири жана албетте, президенттин көзөмөлү таасир берди деп ойлойм. Болбосо бул 313-берене менен үй камагына чыгуу болбойт экен. Себеби бул берене өтө оор кылмыш катары бааланат экен. Апамдын жазган сөздөрү толук кандуу чындык. Чынында эле биздин үй-бүлөгө учурда жөлөк болчу жалгыз адам менмин жана биздин жашоо-шарт дагы деле начар. Соттон сот уланып жатып, жактоочуга дагы акчабыз калбай бара жатат. Баш-аягы 6 сот болду. Сөгүнгөнүм үчүн жаза алып келе жатканыма 4 ай болуп калды. 7 жарым жылдык чечим чыкса бул аша чапкандык”, – деп жазган блогер Сыдыман.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button