Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылында кайрадан Кыргыз жана Тажик жарандарынын ортосунда чыр чыкканын айтылууда
Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылында кайрадан Кыргыз жана Тажик жарандарынын ортосунда чыр чыкканын аталган айылдын жашоочусу билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, окуя 2-июлга караган түнү болгон.
Анын айтымында, кошуна эл ок чыгарып, анын кесепетинен Портер унаасынын алдыңкы айнектерине ок тийген. Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.