НАСАнын   сайтына  жарыяланган маалыматка ылайык, болжолдуу көлөмү 250-570 метрге барабар болгон 163348 (2002 NN4) астероидди ишемби күнү Жерге жакын учуп өтөт. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агентиги жазып чыкты.

Ал биздин планетадан минималдуу 5,93 млн чакырым аралыкта 6-июнда Москва убактысы боюнча 6.20да учат.

 Астероид коркунучтуу деп эсептелет, анткени анын траекториясы Жердин орбитасын кесип өтөт дейт астрономдор.

Белгилүү болгондой, Астероид 2002-жылы табылган. Ал Күндү   болжол менен жер убактысы боюнча 300 суткада  айланып өтөт.