Өткөн сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда билдирди.

Жалпы каза болгондордун саны 17 кишини түздү.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 2 416. COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 664 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 404 адам жатат. Стационарда – 609, алардын ичинен реанимацияда – 4. Ооруканадан чыгарылды – 1219 адам.