Бир сутка ичинде өлкө боюнча Ош шаарында 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда билдирди.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 364 учур катталды, алардын ичинен 254 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.