Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан окуучулардын жайкы каникулга чыккандыгына байланыштуу профилактикалык түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Күн жылып, жай мезгили келгендигине байланыштуу өспүрүмдөр ата-энесинин жана улуулардын көзөмөлүсүз көчөдө, көлмөлөрдө, агын сууларда жана башка жайларда өз алдынча сууга түшкөндүгү аныкталып жатат.

Мындай учурлар ар кандай кырсыктарга жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп кетүү коркунучтарына алып келүүдө.

Ошондуктан сууга түшүп эс алуу жайларында кырсыктардын алуу максатында Ат-Башы РИИБү тарабынан райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте атайын рейддер өткөрүлүп жатат.

Мындан сырткары ата-энелерге балдарына көзөмөлдү күчөтүү жагы, өспүрүмдөрдүн бош убактыларын туура пайдаланууга багыттап, кечкисин максатсыз көчөгө чыгарбай үйдө болуусу шарт экендиги эскертишүүдө.

Ошондой эле жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлору тарабынан жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтирген терең көлмөлөргө, агымы күчтүү каналдарга эскертүүчү белгилери бар жерлерге сууга түшүүгө болбой тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.