Коом
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы унаа кырсыгынан бир адам жабыркады.
Нарын облусунун Кочкор районунда 1-июнунда саат 20:25 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымынын Кувакы ашуусунда “ВАЗ 21-07” унаасынын айдоочусу унааны башкара албай жолдон чыгып одарылган.
ӨКМден билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 1 адам (аты-жөнү такталууда) жабыркаган.
КР ӨКМдин №42 өрткө-каршы куткаруучуларды бөлүмүнүн куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган адамды жергиликтүү тургундар унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.