«Чоӊ казатчылар» чоӊ казалга кирип үч айдан бери депутат Кубанычбек Жумалиевдин байлыгын санап бүтө албай убара. Элдин башын айлантып эки жарым миллиард доллары бар дешип, дүрбөлөӊгө салып жатышат. Ушул жерден бир лирикалык чегинүү кылалы. Дүйнөлүк «Форбс» деген экономикалык анализ кылуучу жана байлардын байлыгын текшерчү абройлуу уюм бар. Ал сенин ким экениӊе жана ата жотоӊо карабай миллиардерлердин тизмесин тынбай жарыялап турат. Дүйнө жүзү боюнча анализ жүргүзөт. Кайталайбыз, ким экениӊе, социалдык статусуӊа карабайт. Паралап да жаздыра албайсыӊ.

Андан тышкары бей формал КМШ өлкөлөрүндө жана Түркия мамлекетинин айрым жарандары кирген «Миллиардерлер клубу» деген бар. Ал клубка сени ой боюӊа койбой эле сүйрөп киришет. Алып барып мүчө кылып коюшат. Мына ушул эки уюмдун ишмердүүлүгүнө тыкыр көз салып отуруп, «Жумалиев миллиардер экенин» эч таппадык. Анан кайсы мээси шамалдап калган «Жумалиевде эки жарым миллиард доллар бар» деп, таӊдайын ташка уруп жатканы белгисиз. Өткөндө К. Жумалиевдин расмий жактоочусу билридүү таратты. Көрдүк. Бар байлыгын, болгон дасмиясын эл алдына жайды.

Андай деле чыгаан бай, элдин алды деп айтууга ооз барбайт экен. Бабанов сыяктуу миллиарды, Шаршенбек Абдыкеримов сындуу катар катар ишканасы деле жок экен. Орто, оокатуу адам экенин моюнга алыш керек. Эми, капитализм шартында ортодон жогору оокат күтүү күнөөбү деп суроону кабыргасынан коелучу. Маселен азыр Ош базарында же Дордой базарында, болбосо курулуш базарларында 10 миллиондогон доллар жүгүрткөн, бирок эл билбеген ишкерлер жүздөп саналат. Болбосо, сыртта миллиондогон долларлык бизнеси бар ишкерлер чекеден чыгат. Бул табыгый мыйзам талабы, капитализ шарты. Рынок мезгилинде бул керек болсо аба менен суудай зарыл иш. Анткени дал ошол орто катмардагы ишкерлер элди багат, салык төлөйт. Ошондон түшкөн акчага пенсия, жөлөк пул берилет. Ашканага отуруп алып айкырып жаткан Сыймык Жапыкеевдин ата-энеси дал ошол жүздөгөн Жумалиевдер төлөгөн акчадан пенсия алат.

Ал эми дал ушул Жумалиевдин «байлыгынын башатына келели». Ишкерликте итке минген да, төөгө минген да бир заматта. Элибиздеги «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» деген макал дал ушул ишкерлерге тиешелүү. Ооба, К. Жумалиев учурунда бир катар жооптуу кызматтарды аркалады. Анда мамлекеттик кызматта иштөө күнөөбү деген суроону өзүбүзгө берели. Байлык боюнча. К. Жумалиев мамлекеттик кызматта жүрүп, бир батир жана эки жер тилкесине ээлик кылган. Кайталайбыз, эки хан сарай эмес, жер тилкесине гана. Ошол кездин базар баасы менен 10 миӊ сомдон турган. Айтылуу «Жоогазын төӊкөрүшүнөн» кийин К. Жумалиев жумушсуз калып, аргасыз ишкерликке өткөн. Көнгөн илимине деле кетсе болмок, бирок азыркы шартта жылаӊач илим менен отуруп алуу ачка калуу менен барабар экенин жалпыбыз билебиз.

Биз билгенден К. Жумалиев каражат издеп каржалып жүрүп бир канча ишкана түптөгөнгө жетишкен. Айтса айтпаса төгүнбү дегендей биздин элде ишкер десе эле акчаны бир кудуктан сузуп, чөнтөккө тыга бергендей көрүшөт. Ишкерлик күн менен түндү айырмалай албай калган мээнетти талап кылган түйшүк, тобокелчилик экенин билгилери келишпейт. Сөздүн кыскасы ишкерликтин ичке жолу ошентип башталган. Банктан алган насыялар, уйкусуз түндөр, тынымы жок эмгек, эсеп чоттуу тактык акыры келип бир канча ишкананын ачылышына себепчи болду. Элди арзан отун менен камсыздайм деп көмүрдөн брикет чыгарды, темирден тетик жасады, үй курулушуна керектүү материал чыгарды, айтор илимден ишкерликке өтүп кетти.

Табиятында академиялык көрөӊгөсү тынчтык бербей, тапкан каражатын кайра билим берүү тармагына жумшаган жападан жалгыз ишкер десек да жаӊылбайбыз. Кыскасы ушундай. Жумалиев ак мээнети менен тапкан каражатын Африкага, же оффшордук зонага катып алган жок, кайра эле элдин экономикасына салып жатат.

Айрымдар бакылдап жаткан эки жарым миллиард доллар эмес, өнөктөштөрү менен биргеликте К. Жумалиев ушул күнгө чейин комерциялык банктардан 16 миллион доллар кредит алып, үзүлгөндү улап, айрылганды жамап отуруп, ишкерликтин ичке жолуна түшүптүр. Бул боюнча так маалыматтар бар экенин, али күнчө кайсыл банкка канча карыз болгонун тастыктоочу документтер барын жактоочусу айтып жүрөт. «Чоӊ Казаттын» чоӊ казалынын таржымалы ушундай. Алардын максаты болгону ар кимди жамандап кыска убакытта элге таанылыш керек эле, максаттарына жетишсе керек…