Швеция акчалардын изин жашыруу боюнча айыпталып, беш жылдан бери качып жүргөн мурдагы кытай аткаминерин АКШга өткөрүп берди.

Калифория Борбордук округунун прокуратурасынын берген маалыматы боюнча Лос-Анжелес шаарынан сатып алган кыймылсыз мүлк үчүн төлөгөн миллион долларды ал алдамчылык жолу менен тапкан. Кеп 56 жашар Цяо Цзяньцзюн жөнүндө болууда. 2014-жылы АКШ бийлиги ага жана аялы Чжао Шиланга уурдалган акчаларды эл аралык ташуу жана иммиграциялык алдамчылык боюнча күнөө койгон.

Прокуратуранын маалыматы боюнча 1999-жылдан тартып 2011-жылдарга чейин Чжоукоу шаарындагы буудай кампасынын директору болуп иштеп турганында Цяо кирешеден түшкөн миллиондогон долларларды Кытай, Гонконг жана Сингапур банктары аркылуу мыйзамсыз чыгарып кеткен. АКШ прокуратурасы финансылык операциялар менен байланышкан кылмыштары үчүн Цяо жана анын жубайы бери дегенде 30 жылга темир тор артына камаларын кыйыткан.