“Манас” эл аралык аэропортунда 2-июнда Кыргызстандан Индиянын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн индия тарабынан уюштурулган “Air India” авиакомпаниясынын Дели-Бишкек-Дели каттамы боюнча чартердик рейстерин тосуп алышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрилигинен билдиришти.

Индия тарабы менен жетишилген макулдашууга ылайык, бул рейстер менен Индиядан 6 КР жараны учуп келди.

Учурда бардык кайтып келген жарандар бекитилген тартипте обсервацияга алынды.
Дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн иш улантылат.