Ноокен РИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) профилактикалык каттоосунда 2005-жылдан бери “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик партиясынын активдүү мүчөсү катарында турган, Ноокен районунун тургуну 1982-ж.т. З.К. бул уюмдан баш тарткандыгын билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал мындай кадамга Ноокен РИИБдин жана УКМКнын Ноокен райондук бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринен соң баргандыгын айткан. Ошондой эле аталган диний экстремисттик партиянын идеологиялары жана жүргүзүп жаткан ишмердүүлүктөрү туура эместигин, бул боюнча мыйзамдын негизинде жоопкерчилик каралгандыгын эске алуу менен  “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунан чыккандыгын ачык айтып, кайрылуу жасаган. Ошону менен бирге ал жарандарды экстремисттик багыттагы уюмдун идеологиясынан сак болууга жана катышпоого чакырган.

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКнын каттоосунда ар кандай диний экстремисттик агымдардын мүчөлөрү катары 500дөн ашуун адам турат. Жыл башынан бери түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 20дан ашуун атуул бул агымдардан баш тартышкан.