Бүгүн, 2-июнда Бишкек шаарында 88 коомдук транспорт текшерилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Күн сайын шаардык транспорт башкармалыгы, троллейбус башкармалыгы, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Транспорт инспециясы биргеликте унааларды текшерип, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Бүгүн эртең менен 88 унаа текшерлип, 5 эреже бузуу катталды. Айдоочулар жана жүргүнчүлөр бет кап тагынбай, социалдык аралыкты сактабай, унаанын салонунда санитайзер коюлган эмес.

Эреже бузган айдоочуларага карата Бузуулар жөнөнүндө кодекстин 150-беренеси (коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу) боюнча протокол түзүлдү. Айып пул – 1000 сом.

Коомдук транспортто бет кап тагынып, кол кап кийип жүрүү керек.