8-майда кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын жоокерин дарылоо үчүн Москвага алып кетишти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, чек арачынын абалы оор деп бааланууда. Учурда Россиянын борборундагы аскер госпиталына жайгаштырылды.

Жоокердин агасы Батыр Модонов: «Ал жактан операция болот экен. Бирок так датасы белгисиз. Ал эми инимди коштоп жакындары бара алган жокпуз. Аны дарыгерлер коштоп алып кетишти. Абалында өзгөрүү деле жок”, – деди Модонов.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 8-майында, Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Ок атышуунун кесепетинен Чек ара кызматынын 3 аскери жана 1 тургун жаракат алган. Белгилүү болгондой, 3 аскер кызматкери Бишкекке алып келинген. Чек ара чырында ок тийип жаракат алган С.уулу М.аттуу аскердин абалы оор экени айтылган.

Ал эми окуя боюнча эки өлкө тең бири-бирин күнөөлөп жатышат. Буга чейин Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн.