Сох-Риштан жолу жакынкы күндөрү ачылат, ал эми Сохко коридор ачууга аракет кылабыз. Мындай пикирин Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Сох анклавынын тургундары менен 1-июнда жолуккан учурда билдирди. Муну тастыктаган аудио-жазуу “Азаттыктын” өзбек кызматынын сайтына жарыялады.

Сохтогу жолугушууда тургундардын бири 1 чакырым жолдо Кыргызстанга көз каранды болуп жатканын, ошол жактан асма көпүрө, же жер астынан тоннель казып болсо да коридор ачып берүүнү сурап кайрылганда, А.Арипов бул маселе сөзсүз караларын билдирген.

 “Албетте, маселелер көп. Биз өткөн жылы Риштан менен Сохтун жолун ачуу маселесин койгонбуз. Бул жол 2 күн иштеди, кийин жыбылып калды. Азыр Кыргызстандын жетекчиси ошол кырдаал үчүн кечирим сурады. Алар ЕАЭБге мүчө болгону үчүн уюмдун талабы боюнча жапкан. Эми Өзбекстан да бул уюмга байкоочу катары кирди. Уюмдагы байкоочу мамлекеттин бардык укуктары болот. Биз Кыргызстанга Сох-Риштан жолун кыска аралыкта ачуу талабын койдук. Жакынкы күндөрү ачылат. Муну менен Ферганага баруу үчүн жол 80 чакырымга кыскарат. Биздин урматтуу президенттин (ред. Шавкат Мирзиёев) кудурети күчтүү.  Эми Сохко коридор ачууга да аракет кылабыз. Бирок, аны коңшу мамлекет менен макулдашыбыз керек болот”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, 1-июнда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов чек арада жолуккан. Алар бир күн мурда “Чечме” айылында чыккан чырды талкуулаган.