Бишкектен анча алыс эмес «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына шаардыктардын жаратылыш койнунда эс алып жүргөн жаштардын саны арбыды. Бул тууралуу үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн Эркин Айдаров жеринен билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөсү менен саамал кымыз ичкени 3 күнгө келишкен.

«Учурда күн сайын жеңил унаа жана маршурттук каттам менен келгендердин саны арбыды. Биз жеңил машина менен 500 сом төлөп постон өттүк. Ал эми кичи маршурттук каттам болсо 1000 сом. Автобустарга болсо 2500 сомдон алышып паркка киргизип жатышат. Киши башына эмес ар бир унаага эсептелет экен»,-деди Айдаров.

«Ала-Арча» капчыгайы Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында жайгашкан. Бул жерде карагай, арча, бадалдуу шалбаа өсөт. Капчыгай аркылуу Ала- Арча суусу агат. Ала-Арча жаратылыш паркы 1976-жылы аймактын табиятын сактоо максатында уюшулган.