Райондор аралык каттамдардын ичинен Сузак–Жалал-Абад маршруттук каттамын жандандырууга уруксат бердик, калган башка райондорго уруксат берилген жок.

Бул тууралуу КР Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

«Учурда адамдар бири-бири менен байланышта көп болуп жаткандыктан, элге кайрылып кетет элем, көчөгө же коомдук жайларга чыкканда беткап кийип, жаныңыздарга антисептик каражатын ала жүрүп, медицина кызматкерлери койгон талаптарды толук аткарып берсеңиздер, биз бул илдетти жакынкы арада жеңип чыгабыз”, — деди Нурболот Мирзахмедов.