Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлиги Сох-Риштан жолун ачуу тууралуу маселени талкуулай элек.  Бул тууралуу вице-премьер министр Акрам Мадумаров билдирүү таратты. Чек арада чыр-чатактын келип чыгышына биринчи кезекте чек аранын такталбагандыгы жана жайыт, суу пайдалануу маселелери себеп болуп жатканын айтып, Сох-Риштан жолун ачыш үчүн эки тараптын макулдугу менен катар Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) эрежелерине туура келүү жөнүндө талап бар экенин айтты:

«Жайыт жана суу боюнча өкмөт өз чечими менен мыйзамдарга дал келтирип, белгиленген тартипте эки тараптуу жергиликтүү деңгээлге ыйгарым укуктарын берсек, бул, менин оюмча, туура болот. Бул эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында чечилет. Ал эми жолду ачуу маселеси эч убакта бир тараптуу чечилбейт. Сөзсүз түрдө экинчи тараптын макулдугу керек. Эгер Сохтун тургундары Өзбекстандын премьер-министрине маселе койсо, бул өкмөттүк деңгээлде чечилиши зарыл. Чечилгенде да экинчи тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши керек. Ошондуктан бул маселе чечилди дегенден алыспыз. Бул сүйлөшүүлөрдүн негизги күн тартибине киргизилчү маселе. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү, ал эми Өзбекстан бул уюмга мүчө эмес. Ошондуктан чек ара аймактары, соода-сатык маселеси ЕАЭБ тартибинин жана эл аралык келишимдердин негизинде каралат. Бүгүнкү күндө талкуулана элек,»- деди А.Мадумаров.

Эске салсак, 1-июнда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Сох районунун тургундары менен жолугушкан. Жолугушууда Кыргыз бийлиги кечирим сураганын жана  социалдык түйүндөрдө кыргыз бийлиги менен Сох-Риштан жолун ачуу тууралуу сүйлөшкөнүн айтканы тууралуу маалыматтар чыгууда.