2018-жылдын 17-августунда жол кырсыгынан Жайыл РИИБинин кызматкери каза болгон.
Маркум Каныбек уулу Адилеттин ата-энеси бүгүнкү күнгө чейин чындык издеп келүүдө.

Анткени милиция кызматкери каза болгон кырсыкта Адилет унааны башкарып бараткан деген чечим чыгарылган. Бирок чындыгында маркум кырсыкка кабылган унааны башкарган эмес.