Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине 100 миң доллар төлөгөн. Бул тууралуу Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумунда УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу билдирди.

Анын айтымында, Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерин жалдап, аларга 100 миң төлөгөнү тууралуу факттар бар. Анын билдиргени боюнча, ал факттар эки күбөдөн алынган.

Эскерте кетсек, Айеркен Саймаити 10-ноябрь күнү Стамбулда өлтүрүлгөн. Саймаитини ал кафеде отурган кезде атып кетишкен. Анын аты «Азаттыктын» журналисттик иликтөөсүндө айтылып, ири акча каражаттарын сыртка чыгарууда Саймаитинин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен байланышы тууралуу сөз болот.

Булак: Кабар.кг