Чек ара чыры биздин ыркыбыздын жоктугун бир муштумга түйүлө албаган биримдиксиз экенибизди көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу, Улан Бакиров билдирди. Анын тексти өзгөртүүсүз берилет.

Кыргызстанда чек ара маселеси бүгүн эле чыга калган жок. Советтер союзу таркагандан бери бул мамлекеттеги негизги көйгөйлөрдөн болуп келет. Өзгөчө калк жыш жайгашкан Фергана өрөөнүндөгү такталбаган тилкелерде “сеники эмес меники” деген талаш токтобой келүүдө. Эгемендүүлүктүн 30 жыл аралыгында мындай талаштар эки тараптын кагылышуусуна чейин алып келип, тилекке каршы айрым учурларда адам өмүрүнүн кыйылышы менен коштолду.

Мындай учурларда эки тараптын расмийлери жолугушуп конфликти баскан менен, күнөө бизден кетти деп бир дагы мамлекет өз мойнуна албайт. Ар ким өз элин тынчытып тим болуууга аргасыз. Мында бир жагынан такталбаган чек аралардагы чырда ким күнөлүү экенин тактоо кыйынга турса, экинчи жагынан өз жарандарынан катачылык кеткенин көрсө да тигил же бул мамлекеттин расмий бийлиги электоратынын нааразычылыгынан чочулап көрмөксөнгө салат. Аны менен Кыргызстан коңшулар менен дипломатиялык достук мамилеге доо кетирип албоо максатында ачык доо коюудан тартынган учурлары бар. Мындайда оппозициялык маанайдагы саясатчылардын чырагына май тамып, бийликти шыбагандар көбөйөт. Айрымдары элдин улуттук сезими менен ойноп, радикалдык чакырыктарды айтып жиберишет. Чек ара чырынан саясий упай топтоо же өзүн пиар кылуу өзгөчө Кыргызстанда көп орун алат. Анткени сөз эркиндиги бир аз буулган, авторитардык режимдин белгилери бар коңшуларда мындай аракеттерге катуу чара көрүлүшү мүмкүн. Ошондуктан алардын интернет желесинде Президенттин баш кылып чек ара чырына күнөөлөп сөгүп сакмай жок. Болсо да бирин эки. Ал эми Кырнетте чек арада чыр болду дегичекти эле Президенттен баштап жолугушууга кеткен чиновниктерге чейин ашата сөгүп алмайынча эс албайбыз.

Албетте биздин расмий бийлик колунда бар рычагдарын толук кандуу колдонбогондугу, аткезчиликти токтото албай жаткандыгы үчүн сын пикир айтуу туура. Бирок такыр эле Президентибизди баш кылып “Уйкудан тур” деп шылдыңдап, сүйлөшүүгө кеткен расмий өкүлүбүз жете электе ал эмнени чечмек эле деп келекеге алган дурус эмес го дейм. Анткени анын баарын ошол эле коңшулаш өлкөнүн интернетте отурган эли көрүп мыйыгынан күлүп турса керек? А ким билет, балким ошол эле Ташкент менен Душанбедеги расмийлерге биздин ыркыбыз кетип турганы, мамлекет башчыбызды баштап чек ара чырына күнөөлөп сөгүп турганыбыз керектир? Эмнеси болсо да сөзүмдү жөнөкөй мисал менен жыйынтыктагым келет.

Жөнөкөй эле жай турмушта сиздин балаңыз кошунанын уулу менен урушуп кетсе коңшуңуз менен мушташпай, ар ким өз баласын тыйып, акырын конфликти басууга аракет кыласыз да. Анан эле сиздин балаңыз сизди тиги кошунаңыздан коркот, шалдырап маселени чече албайт деп бүт көчөгө шерменде кылып жамандап жатканын элестетип көрсөңүз (ПС бул жөн гана мисал…  )