USA Today  басылмасынын билдирүүсү боюнча АКШнын мурдагы вице-президенти жана үстүбүздөгү жылы болуп өтүүчү президенттик шайлоого аттанып жаткан Жо Байден жекшемби күнү полиция тарабынан өлтүрүлгөн Жорж Флойдду акыркы сапарга узатууга катышат.

Белгилей кетсек, Флойдду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы калың элдин катышуусунда дүйшөмбү күнү өтсө, шейшемби же 9-июнь күнү өтүүчү жабык салтанаттан кийин сөөк Huston Memorial Gardens көрүстөнүнө коюлат.

Буга чейин Жорж Флойдду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын уюштуруу менен байланышкан бардык чыгашаларды беш салмактагы категория боюнча дүйнө чемпиону, атактуу америкалык мушкер Флойд Мейвезер өз моюнуна алгандыгы тууралуу айтылган.