Индиянын Жогорку соту Дели шаарынын тургунунун өлкө аталышын өзгөртүү тууралуу арызын караштырат. Арыз ээсинин пикири боюнча өлкөнү Бхарат деп атоо керек жана бул аны колониалдык аң-сезимден кутулуусуна жардам берет.

Бхарат – Индия өлкөсүнүн расмий аталыштарынын бири болуп саналат. Бийлик башындагылардын көз карашына ылайык мурда өлкө бирде Индия, бирде Индостан деп аталып келген. Бирок, хинди тилинде ал качан болбосун Бхарат деп аталып келгендиги белгилүү.

Белгилей кетчү нерсе, 1947-жылга чейин Индия Британиянын колониясы болуп келген. Көз карандысыздыкка ээ болгондон тартып өлкө Индия жана Пакистан деген эки доминионго бөлүнгөн.