Кыргызстанда  тогуз мугалими “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


 Мугалимдерге көп жылдык эмгектери, билим берүү тутумуна кошкон салымы, пандемия кезинде телевидение аркылуу сабак өтүшүп, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирилди. Дагы 35 мугалим көрсөткөн кызматтары үчүн мекеменин ардак грамотасына ээ болушкан.


«Пандемия учурунда телекөрсөтүүгө катышкан бардык мугалимдер министрликтин ыраазычылык каттарын алышты», — деп айтылат министрликтен.