Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл кымбат баага кароол кызматын жалдашкандыгын чет элдик басылмалар жазышып чыгышты.  Улуу Британиядан Калифорнияга көчүп келген түгөйлөр  кароолчу жалдаганга мажбур болушкан. Түгөйлөр муну  алар жашап жаткан үйдүн айланасында дрондордун байма-бай учуп жүргөндүгү себеп болгону менен түшүндүрүшкөн.Алардын учурдагы турмушунан эксклюзивдүү кадрларды тартып калууну каалагандар көп экендиги сыр эмес. Алар жалдаган кароол кызматын көптөгөн атактуулар колдонот. Мисалга, МадоннаЖеннифер ЛоуренсШерТом ХэнксБарбара Стрейзанд жана башкалар.

Белгилүү болгондой, кароолдук кызмат көрсөткөн  компания Лос-Анжелестеги эң ишенимдүү жана белгилүү компаниялардын бири. Меган Маркл менен Гарри алардын кызматы үчүн күн сайын 7 миң фунт стерлинг төлөшмөкчү. Мындай каражатты алар кандай төлөй тургандыгы ачкталбаган . Анткени,  буга чейин түгөйлөрдүн акчага  муктаж болуп жатышкандыгы да айтылган эле.