Ош облусунун Алай районунда балык уулоо үчүн барган адам токко урунуп каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаран 1-июнь күнү Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Суу дарыясына балык уулоого барган.

«Балык уулоого ага-ини жана алардын кошунасы барган. Маркум кайырмагын суудан алып чыгуу үчүн катуу тартканда жогорку чыңалуудагы электр чубалгысына тийип кеткен. Чубалгы үзүлүп, кайырмак суу болгондуктан аны кармап турган кишини ток уруп, ал окуя болгон жерде каза болгон. Маркумдун жакындары соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Ал эми женсыз денеге сырттан кароо жүргүзгөндө токко урунуп, жүрөгү токтоп калгандыгы аныкталган. Факты кокустук деп катталган», — деп билдиришет басма сөз кызматынан.