Кылмыш-кырсык

УКМК: Айеркен Саимаитинин өлүмү боюнча иш сотко өткөрүлүп берилди

Айеркен Саимаитинин өлүмүн Түркиянын полициясы иликтеп жатат. Бул тууралуу кечээ, 2-июнда Айеркен Саимаитинин айланасындагы окуяларды иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын отурумунда УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин Сагынбек уулу билдирди.

«Акыркы маалыматтар боюнча, иш сотко өткөрүлүп берилди. Буга чейин айтылгандай анын өлүмүнө 4 адам шектелип жатат», — деди ал.

УКМКнын төрагасынын орун басары Талантбек Салиевдин айтымында, Кыргызстандан тергөөчүлөр Түркияга барып, шектүүлөр менен сүйлөшкөн.

«Алар биздикине окшобогон диалект менен сүйлөшөт экен. Шектүүлөрдө Кыргызстандын паспорту жок. Дарегин сураганда Аравандагы так дарегин айта алышкан жок. Керек болсо Оштогу көчөнүн аталышын билишпейт экен», — деди Салиев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button