Сузак районунда 1-июнь күнү саат 18:45 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Сузак айыл аймагынын Атчабар айылындагы Жаңы-Чектер көчөсүндөгү 4 турак үйдүн короолорун сел суулары каптаган. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Жабыркагандар жок.

2-июнь күнү жерине ӨКМнин райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл аймактан 15 адам, 2 экскаватор, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, турак үйлөрдүн короолору тазаланып, узундугу 495метр болгон сел өтүүчү арык казылып жумуш толугу менен аяктаган.