Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аптанын аягына чейин Фергана аймагына барганы жатат. Өзбек премьер-министри Абдулла Арипов бул жөнүндө 1-июнда Фергана облусунун курамына кирген Сох эксклавынын жашоочулары менен жолугушууда айтты.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан келип чыккан чырдан улам Арипов 1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен жолугушуп, маселени талкуулашкан. Чатакта эки тараптан ондогон киши жабыркаган.

Арипов Кыргызстандын өкүлдөрүнө талашка түшкөн булактын айланасында эс алуу паркын ачууну сунуш кылганын Өзбекстандын жарандары менен жолугушуу учурунда маалымдады. Премьер ошондой эле ооруканада жаткан жарадар кишилердин абалы менен таанышып, жол, дыйканчылыкка керектүү жер семирткич сыяктуу маселелерди чечүүгө убада берген. Сох районунун администрациясы 187 жергиликтүү тургун жарадар болгонун, 15и облустук ооруканага тик учактар менен алынып кеткенин билдирген.

Кыргызстан 25 жараны жабыркаганын маалымдаган