Бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 11 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 365 учур катталды, алардын ичинен 265 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.