Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин азыркы учурда эмгек өргүүсүнө чыкканын сындады.

«Мен бир нерсеге түшүнбөй турам. Өткөндө Тажикстандын чек арасында, кечээ Өзбекстандын чек арасында кагылышуу болду. Андан тышкары өзгөчө кырдаал жабыла элек. Премьер-министр кайда жүрөт? Эмне үчүн эмгек өргүүгө чыгат? Армениянын премьер-министри коронавирус жуктуруп алдым, бирок мен үйдө отруп алып иштейм деп жатат. Биздин премьер эс алганга кетип жатат. Муну кандай түшүнсө болот? Бул боюнча коалициялык көпчүлүк, Жогорку Кеңеш реакция кылышыбыз керек. Ишин вице-премьер-министрлерге тапшырып коюп, эс ала турган убакыт эмес. Кийин бизден эл өкмөттү силер түптөгөнсүңөр деп сурайт», — деди депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков сунуш эске алына турганын айтып. «Эртең чек ара маселеси каралат», — деп кошумчалады төрага.