УКМК тергөөчүлөрүнүн “журналисттер акча алган” деген билдирүүсү мени каралоо жана карандай калп. Мындай пикирин журналист Али Токтакунов билдирди.

Али Токтакунов белгилегендей, күбөлөр эч кандай факты жана далили жок куру жалаа жабууда.

Улуттук коопсуздук комитетинин менин атыма байланыштуу билдирүүлөрү бул каралоо жана карандай калп. Кара пиардын өмүрү кыска болорун тарых далай жолу далилдеген. Күбөмүн деген адамдардын куру, эч бир фактыга, далилге таянбаган билдирүүлөрү, анын ичинде абактагы адамдын көрсөтмөлөрү буга чейин да болуп келген. Мындан сырткары УКМКнын ишине далай жолу наалат айттырган иштер болгон. Айэркен Саймаитиден мен эч кандай акча алган эмесмин. Андан биз журналисттер жүздөгөн документтерди, анын ичинде өзү аралашып жүргөн көрсөтмөлөрдү алганбыз. Андан тышкары ондогон күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн, маалыматтарынын негизинде иликтөөлөрдү жасап, Кыргызстандагы туташ коррупцияны, анын ичинде бажыдагы коррупцияны, Кыргызстандан 100 миллиондогон акчаны адалдаган системанын бетин ачканбыз”, — деген Токтакунов.

Журналист  канча убакыт өтсө дагы өкмөт бети ачылган иштерди соңуна чыга албай жатканын жана журналисттерге каралоо жүрүп жатканын кошумчалаган.

“Тилекке каршы Өкмөт канча убакыт өтсө дагы мына ошол биз ачыктап берген фактыларды аягына чыкпай, иликтөөгө чекит коё элек, бул абдан өкүнүчтүү. Анын ордуна иликтөөчү журналисттердин өзүнө, атына каралоо жүрүп жатканы өкүндүрөт. Бирок эл акты ак, караны кара деп билип турат. Акырында чындык, акыйкаттык жеңгенине биз ишенебиз”, — деген Токтакунов.