Тогуз-Торо районунда 2-июнь күнү саат 18:10 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен арыктан суу ашып, Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылында ички чарбалык көпүрөнүн асты жагын суу жеп кеткен. Табылгыты айылында 8 турак үйдүн жана Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылында 4 турак үйдүн короолорун суу каптаган

Жерине ӨКМнин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, №18 ЖТИден 1 жүктөгүч, айыл аймактан 1 экскаватор жана 1 жүктөгүч тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында суунун нугун бурушкан, ал эми ички чарбалык көпүрөнү калыбына келтирүү иш-чаралары 3-июнь күнү жүргүзүлөт.