Депутат Закир Шарапов Жогорку Кеңештин бүгүн, 3-июндагы жыйынында премьер-министрдин убактылуу милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду парламентке келип, Баткендеги Чечме аймагында кыргыз-өзбек чек арасында чыккан жаңжал боюнча толук маалымат берүүсүн талап кылды.

Депутат билдиргендей, учурда жергиликтүү жана өзбекстандык ЖМКларда Кыргызстан Өзбекстан тараптан кечирим сурагандыгы тууралуу маалымат тарап жатат.


“Коңшу өлкөнүн премьер-министри Арипов Кубатбек Боронов менен сүйлөшкөндөн кийин өзбек эли менен жолугуп, анда чоң бутканын үстүнө чыгып алып “кыргыз тарап Сох анклавынын жолун ачып, каридор түзүп беребиз деген убаданы берди, жайыт маселесин караштырып бере турган болду жана Сохко кирүү үчүн 80 чакырым кыскарткан жолду ачып, бирок 2-3 күндөн кийин кайра жаап койгону үчүн кыргыз тарап кечирим сурады” деп айтканы маалымдалды. Биз эмне үчүн кечирим сурашыбыз керек? Арипов Кыргызстанга аткарылбай турган маселе боюнча ультиматум коюп жатат”, — деди Шарапов.