Блогер катары таанылган Элмирбек Сыдымановду акыркы күндөрү оор сыноо күтүп жатканын, сот аны 6 жылга кесип жатканы туурасында видео кайрылуу жасап, азыркы маалда жашап жаткан үйүн көрсөттү.

«Прокурор мени алты жылга кесип жатат. Мен аны түшүнүп жатам ишин аткарып жатат. Мен али жашмын болгону 22 демин. Менин азыркы абалыма апам бушайман чегип жатат»,-деди ал.

Прокуратура блогер Элмирбек Сыдымановду сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранды. Бул тууралуу Али Магеев билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин Октябрь райондук сотундагы 2-июндагы отурум ушундай нукта өттү.

«Сот биздин лингвистикалык экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүчүбүздү «зарылчылык жок» деп четке кагып койду, — деди ал. — Сыдымановду хейтерлер жана блогерлер козуткан болчу. Алар анын апасын, карындашын, өзүн сөгүп, козуткандыктан, ал ошолордун дарегине кайрылып сүйлөгөн. Сыдыманов аймак аралык кастыкка чакырган эмес».

Адвокат жарыш сөз кезеги ага келгенин, бирок даярданыш үчүн соттон 5-июнга чейин убакыт сураганын айтып берди.

Блогер быйыл 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.

https://www.facebook.com/100039960574869/videos/253444672664217/