Кыргызстанда COVID-19 алгачкы учуру катталган күндөн тарта ооругандардын саны 3 бейтаптан (18-март) 1871 учурга (3-июнь) чейин көбөйдү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ооругандардын эӊ көп саны катталган күндөр:
28-май – 74 учур
18-май – 78 учур

Учурлар эӊ көп Бишкек шаарында – 582 (анын ичинде Россиядан келген аскерлердин арасынан – 98), ал эми эӊ азы Ысык-Көл облусунда – 14 учур катталган.

30-мартта Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан алгачкы 3 айыккан бейтап чыгарылган. Бүгүнкү күндө адистештирилген медициналык мекемелерден 1265 адам чыгарылды

2-апрелде алгачкы өлүм катталган, учурда – 20.