Бул тагдырдын ээлери теңтуш адамдар. Инцидент болгонго чейин алар түнкү клубдардын биринде бирге иштешкен: Чавен – сакчы, ал эми Флойд – ички тартипти көзөмөлдөөчү болгон. Дене түзүлүшүнөн улам 46 жаштагы Флойдду жакындары «ак көңүл дөө» деп аташчу.

Флойддун бала кези Хьюстон шаарында өткөн. 2009-жылы курал колдонуу менен талоончулукка барганы үчүн беш жыл түрмөгө отуруп чыккандан кийин Флойд бардыгын жыйнаштырып, “жаңы турмуш” баштоо үчүн Миннеаполис шаарына көчүп кеткен.

Ал эми Жоржду өлтүргөндүгү боюнча айыпталып жаткан 44 жашар Дерек Чавен полиция кызматында 19 жыл кызмат кылган. Тели-теңтуштарынын бардыгы Жорж Флойдду ак көңүл жана кичи пейил адам катары билишсе, Дерек Чавенди мурдагы иштеген жериндегилер ачуусу чукул, кара мүртөс адам катары эскеришкен. Кызыгы, болуп өткөн жана бүгүнкү күнү АКШны астын-үстүн кылып жаткан кайгылуу инциденттен кийин миңдеген адамдар көчөгө чыгып Флойддун таламын талашып жатышса, Чавенден жакын туугандары андан жүз буруп кетишкен.

Мисалы, Флойддун өлүмүнөн кийин Чавендин аялы ажырашуу боюнча сотко арыз таштап, Флойддун үй-бүлөсүнө көңүл айтуу менен өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун сактап берүү өтүнүчүн менен бийликке кайрылган. Эске сала кетсек, Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу бүгүн Америкада массалык нааразылык акциялары өтүп, талап-тоноо, каракчылык өңдүү аракеттер менен коштолууда.