Жогорку Сот мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди толук актады. Бул тууралуу анын адвокаты 24.кг маалымат агенттигине билдирген.

Анын айтымында, Жогорку Соттун коллегиясы буга чейинки инстанциялардагы актоо чечимин күчүндө калтырган.

Белгилей кетсек, Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон эле.