КоомСаясат

Камчыбек Ташиев чек ара боюнча өкмөттүн ордуна жооп берди

Саясатчы Камчыбек Ташиев Кадамжайда орун алган кыргыз-өзбек чек арасындагы чырдын чоо жайы тууралуу оюн ортого таштады. Анда экс депутат коңшу мамлекеттин бийлиги тараткан маалыматка так кесе пикирин айтып, өкмөт коңшу мамлекетке чекиндүү эч кандай жооп бере албай жатканын сынга алды.

Урматтуу эл журт!
1-июнда Өзбек Республикасынын премьер-министри А.Ариповдун Сох айылынын жашоочулары менен болгон жолугушуудагы айткан сөзүнө мен жооп берууну чечтим, себеби биздин Өкмөттүн жооп беруугө чамасы келбей калган окшойт. Кыргызстанда мамлекеттин, жердин жана бийликтин ээси Кыргыз эли, а мен ошол Элдин мекенчил атуулумун!

Коңшу Өзбек республикасынын өкмөт башчысы мырза А.Арипов угуп анан түшүнүп алыңыз;

1.»Чечме» айлындагы суу булагы Кыргызстандын аймагында жайгашкандыктан, коңшу мамлекеттин жарандарына макулдашуу аркылуу гана бере алабыз.

2. Сох айылына суу, жер жетпегендин себеби, ошол территорияда жашаган элдердин өтө тездик менен көбөйүп кеткендигинде, алар көбөйгөн сайын сууларыбызды, жерлерибизди аларга бере албайбыз, себеби өзүбүзгө жетишпейт. Ашыкча элиңиз болсо Өзбекстанга көчүрүп кетиниз, а биз болсо бир метр жерибизди бербейбиз!!!

3.Биз болуп өткөн окуя боюнча кечирим сурабайбыз, себеби булагыбызды тазалоо учурунда өзбек жарандары келип кол салышкан жана биринчи үйдү алар куйгузушуп, кыргыз жарандарын ур-токмокко алышкан, а биздин атуулдар бир канча убакыттан кийин топтолуп келишип гана «катылгандын катыгын» беришкен. Биз өзбек элин, мамлекетин сыйлайбыз жана тен ата сүйлөшүүгө милдеттуубуз!

4.Сох-Риштан жолун ачуу боюнча эч кандай юридикалык документти коргон жокбуз. Анда эмне үчүн Кара Суу районунун территориясында жайгашкан Кыргызстандын «Барак» айылын толук блокада кылып жок кылдынар, Кыргызстандан чыккан суулар Кудайдыкы деп айтыпсыз, анда Өзбекстандан чыккан газды да ошол оюнуз менен бизге бекер бериниздер.

5. Биз Өзбек мамлекети менен Кудай кошкон коңшубуз, ошондуктан үстөмдүк кылуу саясаты эки өлкөгө тең абийир жана жакшылык алып келбейт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button