Коом

Жорж Флойддун аялы Рокси Вашингтон күйөөсүнүн өлүмүнөн кийин билдирүү жасады

АКШда полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн Жорж Флойддун аялы Рокси Вашингтон күйөөсүнүн өлүмүнөн кийин билдирүү жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, Жорж экөөнүн ортосунда 6 жаштагы Жианна аттуу кызы бар жана атасы кызын аябай жакшы көрчү.

«Ал кызынын кандай чоңойгонун, мектепти бүтүргөнүн эч качан көрбөйт. Кызыма атасы керек. Тилекке каршы атасы эми жок. Мен адилеттүүлүктү каалайм. Ким кандай ойдо болбосун, Жорж абдан жакшы адам эле. Жолдошумду өлүмүнө себеп болгон 4 полиция кызматкери жазаланышы зарыл», — деди маркумдун аялы Вашингтон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button