Бүгүн, 3-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына 12 атайын техникалардын ачкычын тапшырды. Жаңы 11 атайын техника Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун алкагында алынды.

Мэр шаардын тазалыгы үчүн “Ош-Тазалык” ишканасынын техникалары толук жаңылана турганын айтты.

“Тазалык ишканасында атайын техникалардын саны жетишсиз. Андыктан булардын техникалык базасын толуктоо жана жаңылоо мезгилдин талабы. Ошондуктан өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен 30 млн. сом бөлүнүп, жалпысынан 14 атайын техникалар сатып алынган. Ошондой эле быйыл дагы 13 млн сом акча каражаты каралып, жаз-жай мезгилинде жолдорду суу сээп жууш, кыш мезгилинде кардан тазалоо үчүн 4 даана атайын техникаларды сатып алуу үчүн тендер өткөрүлүп, жеңүүчү менен келишим түзүлдү. Буюрса бул техникалар да июль айында алынып келет,- шаар мэри Т. Сарыбашов.

Баарыбызга белгилүү болгондой учурда Ош шаарында катуу таштандыларды чыгарууну жакшыртуу боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун негизинде жумуштар жүргүзүлүп жатат. Долбоордун жалпы баасы 10 млн. Еврону түзүп, анын 50 пайызы банк тарабынан кредит катары, ал эми 50 пайызы грант катары Европа биримдиги тарабынан берилет.