Программалык продуктуну киргизүүнүн тажрыйбалык кадамдары 2020-2022-жылдар аралыгында Өкмөттүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине караштуу Салыктык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча Координациялык кеңештин координациясында ишке ашырылат. Бул үчүн башка, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө колдонуу тажрыйбасы изилденди.

Система товарларды 100% электрондук ыкма менен декларациялоого шарт түзүп, улуттук/аймактык транзитке натыйжалуу көзөмөлдү жана мониторингди камсыздайт, ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнү колдойт, бажы статистикасын онлайн режиминде түзөт. Адистердин айтымында, ASUCYDA маалыматтык системасы колдонулган дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, тагыраагы 95 өлкөдө бажылык башкаруудагы оңдуу жылыштар айкын болуп саналат.

Санариптик технологияларды кеңири колдонуу менен бажы органдарынын ишинин ачыктыгын жогорулатуу мамлекеттик бюджеттин туруктуулугунун, мамлекеттин социалдык сектордогу мүмкүндүктөрүн кеңейтүүдөгү жана коомдогу ишенимди түзүүнүн маанилүү фактору болуп калат.

Маалымдама: ASUCYDA – бажы маалыматтарын иштетүүнүн автоматташтырылган системасы, БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча Конференциясынын эксперттери тарабынан товарларды бажылык тариздөө убактысын кыскартуу аркылуу эл аралык сооданы жеңилдетүү жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. Система дүйнөнүн 95 өлкөсүндө колдонулат жана дүйнөнүн 25 тилинде иштейт.